Кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев Дүйнө кубогунда жеңишке жетти

Кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев Дүйнө кубогунда жеңишке жетти

Кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев Орусияда өтүп жаткан “Мунай мамлекеттеринин дүйнө Кубогу” аталышындагы эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Азат Үсөналиев 52 кило салмакта күч сынашкан мушкерлердин баарын жеңип, чемпион болду.

Ал финалда кыргыз мушкери эквадорлук Луис Дельгадо менен кез келип, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды. Буга чейин Эркин Адылбек уулу ушул турнирде коло медаль тагынган.

Эскерте кетсек, мунай өндүрүүчү мамлекеттердин дүйнө Кубогу мелдеши Орусиянын Белоярск шаарында өттү. Ага 26 мамлекеттин булгаары мээлей чеберлери катышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>