Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков Грозныйда өткөн мелдеште жеңишке жетти

Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков Грозныйда өткөн мелдеште жеңишке жетти

Бүгүн, 4-октябрда, Чеченстандын борбору Грозный шаарында «Тайсон» каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков  Absolute Championship Akhmat турниринде 61 килограмм салмакта орусиялык Дукваха Астамиров менен беттешип, жеңишке жетишти.

Ал 5 мүнөттүк 3 раунддук беттеште өзүнүн шамдагайлыгы менен утушка ээ болду. Жыйынтыгында калыстар кыргыз мушкерин жеңүүчү деп тапты.

Бүгүнкү беттеш Канат Келдибеков үчүн өтө маанилүү болчу. Анткени ал «Ахмат» уюму менен түзгөн келишими ушуну менен аяктамак. Эгер атаандашын жеңсе, жаңы келишимге кол кое алмак. Кыргыз мушкерине жеңиши келишимин узартууга мүмкүнчүлүк алып келди.

Белгилей кетсек, «Тайсон» ACA уюмунда соңку ирет ушул жылдын 26-январында беттешип, чеченстандык Хусейн Шайхаевге калыстардын чечими менен утулуп калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>