Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык мушкерлер Бахрейнде жеңишке жетти

11-мартта кыргызстандык үч мушкер Бахрейнде орун алган  Brave CF турниринде жеңишке жетти. Бул тууралуу мелдештин расмий баракчасында жарыяланды.

BRAVE CF 47. Asian Domination мелдешинин башкы беттешинде Кубанычбек Абдисалам уулу UFC уюмунун экс-мушкери филиппиндик Роландо Дайды ишенимдүү түрдө жеңди.

Мындан сырткары, мекендешибиз Немат Абдрашитов россиялык Анзор Абдулхожоевди техникалык нокаут менен утса, Рыскулбек Ибраимов казакстандык Асу Алмабаевде жеңди.

Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунда үчүнчү жеңишине жетти. Немат Абдирашитов менен Рыскулбек Ибраимов дебюттук беттешинде жеңишке жетишти.

Exit mobile version