Кыргызстандык мушкерлер Казакстанда беттеш өткөрөт

Кыргызстандык мушкерлер Казакстанда беттеш өткөрөт

Кыргызстандык мушкерлер OCTAGON 18 турниринде беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мелдеш 11-апрелде Алматы шаарында өтөт. Анда Борбор Азия мамлекеттеринин мушкерлеринин катышуусу күтүлүүдө.

Кыргызстандык Шермурат Калилов казакстандык Бахтияр Мухамедияров менен беттеш өткөрсө, дагы бир мекендешибиз Исламбек Бактыбек Уулу өзбекстандык Хусниддин Хакимовго (0-0) каршы кез келет.

Ошондой эле Нуржигит Өткүлбеков жергиликтүү мушкер Руслан Серикпулов менен беттеш өткөрөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>