Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык мушкерлер ММА боюнча дүйнө чемпионатында эки медаль утушту

Кыргызстандыктар аралаш мушташ боюнча ышкыбоздор арасындагы дүйнө чемпионатында эки медаль утуп алышты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Кыргызстандын ММА жана панкратион федерациясынан билдиришти.

Турнир Абу-Дабиде (БАЭ) аяктады. Уюштуруучусу 150дөн ашык өлкөнү бириктирген Дүйнөлүк ММА федерациясы — IMMAF болду. Кыргызстандан беш мушкер күч сынашкан. Алар өлкө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү болуу менен өлкөнүн атынан чыгуу укугуна жетишти.

Мелдештин жыйынтыгында Рамазан Рахимов (61,2 кг салмакта) менен Бектур Асилбеков (83,9 салмакта) коло медалдын ээси болушту. Бул эки мушкер тең өспүрүмдөр арасында күч сынашты.

«Бизди дагы бир улуттук чемпионат күтүп турат. Күчтүүлөрдү аныктап, улуттук курама команданы түзөбүз жана кийинки дүйнөлүк чемпионатта мындан да жакшы жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылабыз», — деп белгилейт федерация.

Exit mobile version