Кыргызстандын окуучулар биология боюнча британ (British Biology Olympiad 2025) олимпиадасында 2 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 1 053 мектептен 18 533 окуучу катышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
- Айбийке Базарбаева, Olympiad League Academy 12-классынын окуучусу – алтын медаль;
Даярдаган: Эльбрус Тажибаев
- Улукбек Русланбеков, Бишкек шаарындагы Сейтек СТЕМ мектебинин 9-классынын окуучусу – алтын медаль;
Даярдаган: Эльбрус Тажибаев
- Нурбол Акматалиев, Бишкек шаарындагы American-European School 11-классынын окуучусу – күмүш медаль;
Даярдаган: Радмилла Джуджуз
- Нурсултан Увалиев, Olympiad League Academy 11-классынын окуучусу – күмүш медаль;
Даярдаган: Эльбрус Тажибаев
- Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы Сейтек СТЕМ мектебинин 10-классынын окуучусу – күмүш медаль;
Даярдаган: Эльбрус Тажибаев
- Омурбек Русланбеков, Olympiad League Academy 11-классынын окуучусу – күмүш медаль;
Даярдаган: Улукбек Жумалиев
- Каныкей Сатындиева, З. Бектонов атындагы мектептин 11-классынын окуучусу – күмүш медаль;
Даярдаган: Ирса Хан
- Саадат Султанова, Бишкек шаарындагы Сейтек СТЕМ мектебинин 10-классынын окуучусу – күмүш медаль;
Даярдаган: Бектемир Асылбек уулу
- Бекболот Музуротбеков, Покровка орто мектебинин 9-классынын окуучусу – күмүш медаль;
Даярдаган: Кость Наталья Федеровна
- Ирина Разводовская, Москва райондук сырттан окуу жалпы билим берүү орто мектебинин 10-классынын окуучусу – коло медаль;
Даярдаган: Радмилла Джуджуз
- Асема Джайнакова, №61-АФММЛ ОК 9-класстын окуучусу – коло медаль;
Даярдаган: Алай Алмазов
- Алан Кошмуратов, Газпром Кыргызстан мектебинин 11-классынын окуучусу – коло медаль;
Даярдаган: Алимахунова Айзада Кумахуновна
- Максатова Диана №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп гимназиясынын 9-классынын окуучусу – коло медаль;
Даярдаган: Исмаилова Чынара
- Чолпон Султанова, Бишкек шаарындагы Сейтек СТЕМ мектебинин 10-классынын окуучусу – коло медаль;
Даярдаган: Бектемир Асылбек уулу
Биздин Телеграм каналга катталыңыз