Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык 5 бүтүрүүчү дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттерге өтүштү

Кыргызстандык окуучулар дүйнөдөгү эң беделдүү жогорку окуу жайларына кабыл алынышты. Алардын ичинен үч окуучу Плющ Лигасынын университеттерине өтсө, экөө Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) студенттери болушту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева аталган бүтүрүүчүлөр менен жолугушуп, куттуктады. Ошондой эле министр бүтүрүүчүлөр келечекте мекенине кайтып келип, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошушат деген ишенимин билдирди.

Ким кайсы университетке тапшырды?

Министрликтин маалыматында, беш окуучу тең «Келечектеги лидерлер мектеби» долбоорунун катышуучулары болуп саналат. Бул долбоор өлкөнүн бардык аймактарындагы 8-10-класстардын таланттуу окуучуларына эл аралык гранттарга даярданууга көмөктөшөт.

Министр Кендирбаева аталган долбоордун негиздөөчүсү Алтынбек Бегалиевге билим берүү тармагына кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирген.

 

Exit mobile version