Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык оор атлетчилер Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандык оор атлетчилер Өзбекстандын борбору Ташкентте өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 1-11-февраль күндөрү өтөт. Ага өлкө атынан 6 спортчу катышат.

Курама команданын тизмеси:

— Бекдөөлөт Расулбеков — 102 кг;

— Эмил Молдодосов — 89 кг ;

— Ишимбек Муратбек уулу — 67 кг;

— Элзар Таиров — 73 кг;

— Нурсултан Тармалов — 96 кг;

— Татьяна Мельниченко — 76 кг.

Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында катышат.

Exit mobile version