Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык парадзюдочу Бакудагы мелдеште коло утту

Парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы Азербайжандын Баку шаарында өткөн «Grand Prix Чоң шлем» эл аралык мелдешинде коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу мелдешке 48 кг салмак ченинде катышкан.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 24-27-сентябрь күндөрү өткөн. Ага 61 өлкөдөн келген 500гө жакын спортчу катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version