Кыргызстандын парадзюдо боюнча спортчулары Алмейда шаарында (Португалия) өткөн «Гран-при Алмейда» эл аралык мелдешинде 1 алтын жана 2 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 48 кг салмакта Хайитхон Хусан кызы алтын медалдын ээси болду. Ал эми 60 кг салмакта Алихан Жумагулов жана 73 кг салмакта Маматибрагим Суранов 3-орунду алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз