Кыргызстандык режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин «Качкын» тасмасынын бет ачары Кореядагы абройлуу делген Пусан эл аралык кинофестивалында болот. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Кинофестиваль 2-10-октябрь күндөрү өтөт. Дастан Жапардун тасмасы «Эң мыкты тасма» номианциясында ат салышат.
Белгилей кетсек, режиссер Дастан Жапар «Атанын керээзи», «Акыркы көч» тасмалары менен таанымал.