Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык самбочулар дүйнө кубогунда 13 медаль утушту

15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча өткөн дүйнөлүк кубокто Кыргызстандын курама командасы 13 медаль жеңип алды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, команданын эсебинде 13 медаль бар: 2 күмүш жана 11 коло. Мелдешке 14 өлкөдөн 250дөн ашык спортчу катышты.

64 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалдарды Саяк Бараканов (күжүрмөн самбо) менен Адилет Кубаныч уулу (спорттук самбо) жеңип алышты.

Коло медалдын ээлери

Спорттук самбо:

— Байэл Жакшылыков (79 кг)

— Жамалбек Асылбек уулу (88 кг)

— Фарух Мамажанов (88 кг) —

Шахрер Идирисов (98 кг)

— Бекболот Токтогонов (+98 кг)

Күжүрмөн самбо:

— Курманбек Замирбек уулу (71 кг чейин)

— Шерзат Кудайбердиев (71 кг чейин)

Спорттук самбо, кыз-келиндер:

— Акак Үсөн кызы (54 кг чейин)

— Канышай Аманкулова (50 кг чейин)

Күжүрмөн самбо:

— Акак Үсөн кызы (54 кг чейин)

Кыргызстандык спортчулар башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев менен улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилигинде катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version