УКМКнын 9-кызматынын «Калкан» атайын багыттагы командасы Кытайда өткөн “Sharp Blade-2025″ эл аралык снайпердик мелдеште ийгиликтүү катышты. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 15-18-июль күндөрү Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы Элдик куралдуу полиция күчтөрүнүн машыгуу базасында болуп өткөн. Ага 25тен ашуун өлкөдөн келген 55тен ашык снайпердик команда катышкан.
Сынак төрт категория боюнча 12 дисциплинаны камтыган:
- негизги жогорку тактыктагы снайпердик атуу,
- типтүү тактикалык кырдаалдарда ок атуу,
- комплекстүү күжүрмөн атуу,
- алыскы аралыктан атуу.
«Татаал күрөштүн жыйынтыгында УКМКнын 9-кызматына караштуу «Калкан» атайын багыттагы отряды өлкө намысын татыктуу коргоп, жалпы командалык эсепте 3-орунду, жуптук эсепте 2-орунду ээледи»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 9-кызматтын снайпери жеке биринчиликте биринчи орунду ээлеп, Кыргызстандын атайын күчтөрүнүн жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгын көрсөткөн.