Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык спорт журналисттери сыйланды

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спорт материалдарын даярдаган журналисттерге сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-августта агенттиктин директору Канат Аманкулов өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн спорттук журналисттерге сыйлык тапшырды.

Анда Аманкулов журналисттерди спорттук иш-чараларды чагылдырып, калк арасында дени сак жашоону жайылтууда көрсөткөн бийик кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

 «Урматтуу достор, сыйлыгыңыздар кут болсун! Сиз бул сыйлыкка татыктуусуздар! Пропаганда – бул бир гана спорт менен машыгуу эмес, бул ар бир мекендешибизге дени сак жашоонун, дене тарбия жана спорттун маңызын, философиясын жеткирүү болуп саналат. Сиздер бул милдетти эң мыкты аткарып жатасыздар. Сиздер жана сиздердин ишиңиздин аркасы менен калк биздин жасаган ишке адилеттүү баа бере алат», – деди Аманкулов.

«Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги» наамы төмөнкү журналисттерге ыйгарылды:

Мындан тышкары, Мамагенттиктин ардак грамотасы менен төмөнкү журналисттер сыйланышты:

Ошондой эле, «Стимул» долбоорунун командасы ыраазычылык кат менен сыйланды.

[su_image_carousel source=»media: 38429,38430,38431,38432,38433,38434,38435″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version