Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык спортчу ок атуу боюнча дүйнө кубогун утту

Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Имандос Бектенов дүйнө кубогунда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Спортчу ПП-60 версиясы боюнча катышып, жалпы 572 упай чогулткан.

Дүйнө кубогу жаштар жана чоңдор арасында Испаниянын Гранаде шаарында өтүүдө. Ага 48 өлкөдөн келген жалпы 400 спортчу катышууда.

Мелдеш 10-18-февраль күндөрү өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version