Кыргызстандык спортчулар Тынчтыкбек Каныбек уулу менен Нуржигит Акунов 24-майда Кытайда өтө турган аралаш мушташ боюнча JCK FIGHT NIGHT 99 турнирине катышат.
«Кабылан» каймана аты бар Тынчтыкбек Каныбек уулу 66 килограммга чейинки салмак ченинде 9-2 рекорду менен кытайлык Тенглиге (38-14) менен беттешет.
Ал эми, «Аккула» каймана аты менен таанымал болгон Нуржигит Акунов (5-1) 77 килограмм салмакта Ки Ванга (25-15) беттешет.