Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык студент Кытайда жол кырсыгынан каза болду

Кытайдын Шанхай шаарында 22 жаштагы кыргызстандык жигит жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Ш.Б.М. аттуу Кыргыз жараны Кытайдагы университеттердин биринде окуган. Анын сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыгуу үчүн 29-мартта Кыргызстандын Пекиндеги элчилигинин кызматкери ыкчам тартипте Шанхайга жөнөтүлгөн.

Алынган маалыматтарга караганда, учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Ал эми Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги тарабынан маселе көзөмөлгө алынган. Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү, ошондой эле башка зарыл болгон жардамды элчилик көрсөтөрү кабарланат.

 

Exit mobile version