Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык студенттер Сербияда гранттык негизде билим алат

Кыргызстандык студенттер Сербияда гранттык негизде билим алат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Сербия мамлекетинде иш-сапарда болду.

Анын алкагында Сербиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө «Сербиядагы тынчтык» программасы боюнча кыргызстандык студенттер үчүн беш гранттык квота бөлүү тууралуу макулдашуу жетишилди.

Студенттер толук гранттык негизде окушмакчы, жатакана жана тамак-ашы да камтылган. Андан тышкары ай сайын 15 миң динар стипендия алышмакчы.

Сербиянын Жаштар жана спорт министрлиги менен кызматташуу тууралуу келишим түзүү макулдашылды.

Сербиянын Нови-Сад шаары 2019- жылы Европанын жаштар борбору болуп саналып, бир жылда 1400 иш-чара өтүп, 4 млн. евродон ашык каражат бөлүнгөнүнө кабардар болгон Марат Тагаев Кыргызстан Сербиянын жаштар борборлорунан алчу тажрыйбалар көп экенин белгилеп өттү.

Сербиянын Жаштар жана спорт министрлиги менен кызматташуу тууралуу келишим түзүү макулдашылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version