Кыргызстандык тайбоксчулар Комбоджанын Сиемреап шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 5-9 декабрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандын 10 спортчу барат.
Курама команданын тизмеси:
— 70 кг, Махабат Орозбекова;
— 54 кг, Диана Зайнитдинова (14 жаш);
— 54 кг, Нурсултан Карбозов (14 жаш);
— 51 кг, Аланур Абдыкаров (15 жаш);
— 48 кг, Алия Саалыева (16 жаш);
— 51 кг, Милана Шихшабекова (17 жаш);
— 60 кг, Аделя Асылбек кызы (17 жаш);
— 60 кг, Алберт Бактыбеков;
— 60 кг, Элазан Замирбеков;
— 63,5 кг, Ихтяр Каныметов.
Курама команда мелдешке машыктыруучулар Дилшат Даутов жана Александр Кононенконун жетекчилиги алдында катышат.