Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык тасма АКШдагы кинофестивалга катышат

Кыргызстандык «Сальвадор Дали» кыска метраждуу тасмасы АКШдагы Аладерри эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу тасманын режиссеру Элдияр Мадаким билдирди.

Кинофестиваль Чикагодо 22-24-сентябрда өтөт. «Сальвадор Дали» тасмасы фестивалдын «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Тасма 23-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00до көрөрмандардын назарына сунушталат.

Дареги: 1517 West Fullerton Avenue Chicago

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version