Кыргызстандык кыска метраждуу тасма Испаниядагы ZINEBI эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.
Кыска метраждуу жана даректүү тасмалардын кинофестивалы Бильбао шаарында 11-18-ноябрь күндөрү өтөт.
Анда режиссер Дастан Мадалбековдун «Атасынын уулу» аттуу тасмасы фестивалдын сынактык программасына тандалып алынган.
ZINEBI кинофестивалы дүйнөдөгү абройлуу фестивалдардын бири болуп саналат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз