Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык төрт балбан Болгариядагы мелдешке катышат

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык төрт балбан София шаарында (Болгария) өтө турган Dan Kolov-Nikola Petrov эл аралык рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 2-6-март күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) катышат.

Балбандарды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев коштоп барат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version