Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык волейболчулар Борбор Азиянын чемпиону болду

Кыргызстандык волейболчулар Борбор Азиянын волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионатын утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Биринчилик 18-24-октябрда Ташкентте өттү. Бул мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан жана Мальдив аралдары катышты.

Оюндар айлампа түрүндө өтүп, кыргызстандык спортчулар бардык атаандаштарын утуп чыкты.

Андан соң биринчи орун үчүн беттеште Өзбекстанды утуп, Борбор Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болгон.

Мыкты наамына татыган оюнчулар:

— Мыкты тосмочу – Нурислам Медетбек уулу

— Мыкты чабуулчу – Нурмухамед Токтоев

— Мыкты диагональ – Оңолбек Каныбек уулу

— Мыкты оюнчу (MVP) – Нурмухамед Токтоев

Курама команда мелдеше башкы машыктыруучу Андрей Анкудинов жана улук машыктыруучу Бакыт Алиевдин жетекчилиги алдында катышты.

Exit mobile version