Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токио олимпиадасына жолдомо алды

Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токио олимпиадасына жолдомо алды

Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Токиодо өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

6-декабрда Ташкентте экинчи эл аралык марафон болуп өттү. Анда Коробицкая  жеңишке жетип, Олимпиадага лицензия утуп алуу боюнча нормативди аткарды. Жөө күлүк 42 чакырым 195 метр аралыкты биринчи болуп келип, алтын медалга ээ болду. Анын 2 саат 26 мүнөт 42 секундадагы натыйжасы Олимпиадалык нормативди аткарууга мүмкүнчүлүк берди. Негизи норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секунд.

Ошол эле марафондо Кыргызстандын жараны Илья Тяпкин күмүш утуп, бирок Олимпиада оюндарына өтүү боюнча нормативди аткара алган жок, анын жыйынтыгы 2 саат 28 мүнөт 55 секундду түздү. Себеби эркектер үчүн стандарт 2 саат 11 мүнөт 30 секунд болушу керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан Токио олимпиадасына жолдомо алгандардын саны 6га жетти.

Токиодогу Жайкы Олимпиада алгач 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам, мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүлөт. Ошол эле учурда Токио-2020 оюндарынын аталышы сакталып калган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>