Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык жаачы Казакстандагы мелдеште алтын утту

Кыргызстандык жаачы Ынтымак Мурадил уулу Атырау шаарында (Казакстан) өткөн «Алтын Ордо» эл аралык мелдешинде 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Аталган мелдеш 26-29-апрель күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия, Малайзия, Венгрия, АКШ, Австрия, Монголия, Бириккен Араб Эмираттарынан келген 130 дан ашык спортчу катышкан.

Ынтымак Мурадил уулу 70 метр аралыктан жаа атуу боюнча жарышып, алтын байге уткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version