Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык жарандар Нью-Делиден учуп келе албай жатышат

Пакистандын аба мейкиндигине чектөө киргизгенине байланыштуу кечээ, 8-майга белгиленген «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын рейси токтотулган. Мындан улам бир катар кыргызстандык жарандар Индиянын борбору Нью-Дели шаарындагы эл аралык аэропортто кыйын кырдаалга туш болушкан. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

«Авиакомпаниянын маалыматына ылайык, учактар альтернативдүү маршруттар аркылуу үчүнчү өлкөлөр аркылуу узак учууга техникалык мүмкүнчүлүккө ээ эмес. Негизги маршрут Индия менен Пакистандын ортосундагы чек арада чыр-чатактар жүрүп жаткан аймак аркылуу өтөт. Коопсуздукка байланыштуу жогорку тобокелдиктерди эске алуу менен, бул багыттагы учуулар мүмкүн эмес деп табылды жана каттамдар ошол себептен токтотулган»,- деп айтылат маалыматта.

Учурда жарандарды мекенине кайтаруу үчүн башка мүмкүн болгон рейстерге авиабилеттерди сатып алуу маселеси каралып жатканы айтылды. Ошондой эле Кыргызстандын Индиядагы элчилиги жарандар менен тыгыз байланышта болуп, бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүп жатат.

ТИМ Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалган абалга байланыштуу жарандарга бул өлкөлөргө барбай турууну сунуштады.

Exit mobile version