Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык жөө күлүктөр Гонконгдогу Азия чемпионатында 2 байге утту

Кыргызстандык жөө күлүктөр Кытайдын Гонконг шаарында өткөн марафон боюнча Азия биринчилигинде эки байге алды. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча федерациясы билдирди.

16 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышкан жарышта кыз-келиндер арасында Гүлшанай Сатарова күмүш, эркектер арасында Илья Тяпкин коло байге тагынган.

Эскерте кетсек, Азия чемпионаты Гонконгдогу марафондун алкагында 21-январда өттү.

Exit mobile version