Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык жөө күлүктөр Ташкенттеги жарышка катышат

Кыргызстандык жөө күлүктөр Ташкентте өтө турган эл аралык марафонго катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 11-13-мартта болуп өтөт. Ага Кыргызстандан жети спортчу катышат.

Курама команданын тизмеси:

  1. Илья Тяпкин;
  2. Нурсултан Кеңешбеков;
  3. Бердигул Айтпай уулу;
  4. Александр Салахудинов;
  5. Тилекжан Жекшенаалы уулу;
  6. Гүлшанай Саттарова;
  7. Айнуска Калил кызы.

Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучулар Татьяна Борисова жана Леонид Пыхтеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version