Site icon Reporter.kg

Кыргызстандыктар 23-февралда эс алабы? Жооп

Келе жаткан аптада, 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү жумушчу эмес күн болуп саналат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарында айтылат.

Ошол эле учурда, 25-февраль (ишемби) иш күнү болот. Себеби быйыл жыл башында кыргызстандыктар сегиз күн катары менен эс алганда, 25-февралдагы дем алыш күнү 4-январдагы иш күнүнө которулган.

Анда өкмөттүн чечими менен беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-8-январь дем алыш күндөр болуп белгиленген:

2023-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Тизме

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version