Site icon Reporter.kg

Кыргызстандыктар Баткенге жардам катары 257,9 млн сом чогултту

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган калкка колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке Кыргызстандын жарандарынан, башка ыктыярчылардан 257 млн 966 миң 462,80 сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги 23-сентябрь саат 10:00гө карата билдирди.

Атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Эскерте кетсек, акча каражаттарын «кайрымдуулук» негизде жөнөтүү үчүн 4409021103005073 — «КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты» атайын эсеби ачылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version