КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР “БИР БОЛДУ” КОЛДОЙТ. №13 ЖАРАТМАН КҮЧ!

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР “БИР БОЛДУ” КОЛДОЙТ. №13 ЖАРАТМАН КҮЧ!

Шайлоо алдындагы үгүт компаниясы аяктап, акыркы даярдыктар жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин бир болчулар 7 дубанды түрө кыдырып, 30га жакын райондо, 200дөн ашык айыл-кыштактарда, 10дон ашык шаарларда болуп, миңдеген жарандар менен жолугушту. ЖМКлар, социалдык түйүндөр аркылуу добуш берүү укугуна ээ 3 миллиондон ашык жаранга үнү жетти. Дүйнөнүн 20га жакын өлкөлөрүндө окуп, жашап, иштеп жүргөн мекендештер колдоого алышты. Партияга мүчө болуу үчүн birbol.kg маалымат порталына жүздөгөн арыздар түштү.

Жаңы тренд. Курамын 97% жаңыртып, жаштардын жана жаңы жүздөрдүн  мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийликтерине баруусуна жол ачуу — «Бир Бол» партиясы жараткан жаңы бурулуш. “Бир Бол” — шайлоолор үчүн эле түзүлгөн партия эмес, бутуна бекем турган жана саясатка узак убакытка келе жаткан саясий партия.

«Сапат» белгиси бар команда. Кыргызстан чоң кадрдык потенциалга ээ экендигин «Бир Болдун» жаңы командасы айкын көрсөттү. Ар бир мүчөсү көпчүлүк үчүн үлгү жана мотиватор боло алат. Ар биринин мыкты билими, такшалган тажрыйбасы жана ийгилик тарыхы бар. Алар парламентте, өкмөттө, мамлекеттик башкаруу системасындагы жооптуу кызматтарда иштей алышат.

Акылга салынган программа.  «Жаңы инновациялардын мезгили» программасы конкреттүү план менен бекемделген. Анын стратегиялык идеясы ар бир кыргызстандыктын бакубат жашоосуна шарт түзүү. 

Кыска убакытта аткарыла турган иштер.  Мамлекеттик кызматка билимдүү жана кесипкөй адистер коюлуп, бийлик тууганчылыктан жана жердешчиликтен арылтылат. Элдин кызыкчылыгына каршы келген Мыйзамдар жокко чыгарылып, чет элдик насыяларды алууда талдоо жүргүзмөйүн кол коюлбайт.  Ишкерлерди тажаткан салык, отчет, текшерүүлөрдүн саны кыскартылып, айып пулдардын суммасы төмөндөтүлөт. Бийликтен көз каранды эмес акыйкат соттор келет. Билим берүү жана саламаттык сактоо жеткиликтүү болот. Чек арадагы коопсуздук жана  тышкы саясат жөнгө салынат. Элге партия үчүн эмес талапкер үчүн добуш берүү укугу кайтарылат. Аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулукка жол берилбейт.

Биз «Бир Бол» партиясы, колдооңуздар үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз! БИР БОЛ! №13 ЖАРАТМАН КҮЧ!  

[su_image_carousel source=»media: 42474,42475,42476,42477,42478,42479″ crop=»none» autoplay=»4″]

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 2 — октябрь, 2020-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>