Site icon Reporter.kg

Кыргызстандыктар ноябрда 5 күн катары менен эс алат

Кыргызстандыктар ноябрь айында 5 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарында көрсөтүлгөн.

Белгилүү болгондой, 4-5-ноябрь дем алыш күндөргө туура келет. 7-8-ноябрь Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгондуктан, эс алуу күндөрү болуп саналат. Ал эми 6-ноябрдагы иш күнү 11-ноябрдагы дем алыш күнү жылдырылгандыктан, кыргызстандыктар 4-8-ноябрда 5 күн катары менен эс алат.

2023-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Тизме

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version