Site icon Reporter.kg

Кыргызстандыктар орточо эсеп менен канча эмгек акы алууну каалашат?

Кыргызстандыктар орточо эсеп менен 18 миң сомдон 32 миң сомго чейинки эмгек акыны алууну каалашат. Бул JOB.KG‎ кызматынын изилдөөсүнөн улам маалым болгон.

Сурамжылоого катышкан дээрлик 31 миң кыргызстандыктар 18 миңден 32 миң сомго чейин эмгек акы алууну каалашат. Анын ичинен 19 миң адам 18 миң сом, 2 миң адам 50 миң сом эмгек акы алгылары келерин билдиришкен.

Орусиялыктардын 2021-жылга карата күткөн эмгек акысынын көлөмү 158 миң рублду түзөт, — деп жазып чыккан «РИА Новости» маалымат порталы.

Белгилей кетсек, жарандардын 18.1% админстрация тармагында иштөөнү, 13% чекене соода тармагында, 9.2% соода тармагында, 9% бухгалтерия тармагында иштөөнү каалашат.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын үчүнчү кварталында жашоо минимунунун көлөмү 5.2 миң сомду түзгөн.

Exit mobile version