Site icon Reporter.kg

Кыргызстандыктар Швейцарияга киргенде 10 күндүк карантинден өтүшпөйт

7-сентябрдан тарта Кыргызстандын Швейцарияга киргенде жарандары 10 күндүк карантинден өтүшү керек болгон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тиешелүү чечимди Швейцария өкмөтү 4-сентябрда кабыл алган. Демек, 7-сентябрдан тарта кыргызстандыктар виза жана башка уруксат кагаздары менен Швейцарияга эркин кире алышат.

Exit mobile version