Site icon Reporter.kg

Кыргызстандыктар Түркияга жардам үчүн 103,9 млн сом чогултту

Бүгүн, 13-мартка карата кыргызстандыктар Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 103 миллион 92,8 миң сом, 18,2 миң рубль жана 65,76 доллар которду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, 7-февралда Каржы министрлигинин Борбордук казынасында Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Кайдыгер эмес жарандар атайын эсепке сом, рубль, доллар түрүндө акчалай жардам көрсөтүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version