Site icon Reporter.kg

Кыргызстандыктар Түркияга жардам үчүн 97,3 млн сом чогултту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 7-мартка карата 97 миллион 361 миң 489,97 сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Зилзаладан жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө акча которушууда.

Эскерте кетсек, Түркия менен Сирияда 6-7-февралда катуу жер титирөө катталып, кеминде 45 миңден ашуун адам көз жумган. Учурда миңдеген жарандар турак-жайсыз күн кечирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version