Site icon Reporter.kg

Кыргызстандыктар Түркияга жардам үчүн бир күндө 10 млн сом чогултушту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке 1-мартка карата 83 млн 722.3 миң сом, 15.25 миң рубль жана 67.67 доллар чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Бир күн мурун атайын эсепте 73 миллион 815 миң 353,32 сом, 15,25 миң рубль, ошондой эле 65,67 доллар болгон. Ошентип, суткасына 10 миллион сомдон ашык акча жыйналды.

Белгилүү болгондой, Түркияга жардам үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жардам берүүнү каалаган жарандар ал эсепке сом, доллар, рубль жана евро валютасында акча которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)

Төлөм коду: 14411100 — «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version