Site icon Reporter.kg

Кыргызстандыктардын сабалышы боюнча Орусиянын элчилигинин кеңешчиси ТИМге чакыртылды

Хабаровск шаарында эмгектенген кыргызстандык айдоочулардын сабалышы боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык айдоочулардын орусиялык тартип коргоочулар тарабынан сабалганына байланыштуу нааразылыгын билдирип, Кыргызстандын жарандарына кызмат абалынан пайдаланып күч колдонуп, мыйзамга каршы мамиле кылган окуяны сынга алды.

Орусиянын өкүлү айдоочулардын сабалганы боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Кыргыз тарап буга байланыштуу ишти калыс иликтөөнү камсыз кылууну жана кыргызстандыктарды ур-токмокко алгандарга катуу чараларды көрүүгө чакырды.
[su_image_carousel source=»media: 16120,16121,16122,16123,16124,16125,16126″ limit=»36″ crop=»none»]

Эске сала кетсек, Хабаровск шаарында иштеген 80дей кыргызстандык 12-декабрь күнү кечинде ОМОНдор тарабынан катуу сабалышкан.

Exit mobile version