Кыргызстандын 100 бала бакча, мектеби билим берүүнү өнүктүрчү ири долбоорго кошулат

Кыргызстандын 100 бала бакча, мектеби билим берүүнү өнүктүрчү ири долбоорго кошулат

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын тоолуу аймактарынын өнүгүүсүн колдоо программасы (MSDSP KG Коомдук фонду), Ага-Хан фондунун демилгеси менен “Мектептер-2030” аттуу 10 жылдык  жаңы глобалдык долбоорду баштоодо.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуунү көздөйт.

“Мектептер-2030” долбоорунун алкагында: мектепке чейинки билим берүү, кенже курактагы балдарды өнүктүрүү; ар бир окуучунун жөндөмүн жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу; PISA 2024кө даярдоо, окуучуларга жана жаштарга кесиптик багыт берүү, билим берүү тармагында санариптештирүү процесстерин ишке ашырууга колдоо көрсөтүү боюнча жумуштар аткарылат.

Долбоор дүйнө жүзү боюнча  он өлкөдө иш алып барып,  ар бир өлкөдө мектепке чейинки жана мектептик билим берүүчү 100 окуу жайын камтыйт. Кыргызстандагы мектептерди тандоо февраль айында жүрөт. 100 бала бакча, мектепке жыл сайын микрогранттар берилет. Мынданы сырткары долбоордун катышуучуларына эл аралык жана улуттук “Мектептер-2030” форумдарына, БУУнун Башкы Ассамблеясынын отурумуна катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>