Кыргызстандын грек-рим балбандары Албанияда өтө турган Muhamet Malo рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.
Мелдеш Албаниянын борбору Тиранада 26-февралдан 2-мартка чейин өтөт.
Ага Кыргызстандын грек-рим балбандарынан 18 спортчу катышат: Нурболот Бердикулов, Улан Муратбек уулу (55 кг), Акыл Сулайманов (60 кг), Баяман Апилов, Дөөлөтбек Чойбеков, Дастан Кадыров (63 кг), Раззак Бейшекеев, Баяман Каримов (67 кг), Ырыскелди Хамзаев (72 кг), Ырыскелди Максатбек уулу, Адилхан Нурланбеков (77 кг), Бексултан Назарбаев, Бекзат Орункул уулу (82 кг), Азат Салидинов, Асан Жанышов (87 кг), Мелис Айтбеков, Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) жана Эрлан Манатбеков (130 кг).
Учурда балбандар алдыдагы мелдештерге даярдык көрүп, Ысык-Көлдө магышуу өткөрүүдө.