Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранына президент ат койду

Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранына Жакшылык деген ат коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев билдирди.

Анын айтымында, наристе Баткендин Кызыл-Кыя шаарында жарык дүйнөгө келген. Баланын атын президент Садыр Жапаров Жакшылык деп койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин Статистика комитети 7 миллионунчу жаран 20-октябрга чейин төрөлөрү тууралуу маалымдаган. 1-октябрга карата Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 995 миң адамга жеткен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version