Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Баткен облусунда чек арачылар тарабынан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жүктү алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматына ылайык, кармалгандар 20 тоннадан ашык кургатылган жемишти VOLVO FH үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен коңшу Тажикстандан алып келе жатышкан.

Кармалган 30 жана 22 жаштагы Кыргызстандын жарандарында эч кандай  тиешелүү документ болгон эмес.

Бул факты боюнча материалдар толтурулуп, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.
[su_image_carousel source=»media: 27457,27458″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>