Кыргызстандын аймагында көмүрдү баасы арзандады

Кыргызстандын аймагында көмүрдү баасы арзандады

Кыргызстанда көмүрдүн бир тоннага болгон баасы 2.5%га арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда көмүрдүн бир тоннага болгон эң кымбат баасы Ноокатта — 7.4 миң сомго катталган. 2020 — жылдын январь айына салыштырмалуу, февралда көмүргө болгон баа республика боюнча 2.5 % же 114.5 сомго төмөндөгөн.

«2020- жылдын 15 — февралындагы маалыматка ылайык, көмүрдүн баасы Баткен облусунда 7.1 миң сомду (бир тоннага болгон баа), Исфанада — 6.4 миң сом, Кара-Сууда — 6.2 миң сомду түзгөн.

Минималдуу чекене баа Балыкчы шаарында катталган (бир тоннага болгон баа 3.7 миң сом), Нарын шаарында — 3.5 миң сом жана Чаек айылында — 2.5 миң сом», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>