Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын аймагында сутка ичинде 73 мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында “Бахус” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлүп, сутка ичинде жол эрежелерин бузган 4352 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара жол кырсыктарынын алдын алуу  жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында дем алыш күндөрүнүн соңунда өткөрүлдү.

Кармалган айдоочулардын ичинен:

— мас абалында унаа башкарган 73 айдоочу,

— карама-каршы тилкеге чыккан 35 айдоочу;

— ылдамдыкты ашырып  айдаган 432 айдоочу;

— терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 15 айдоочу;

— тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 88 айдоочу кармалган.

Ошондой эле 234 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version