Кыргызстандын аскер күчтөрүнүн ЖККУнун алкагында Казакстандагы миссиясы 14-январда аяктайт. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Буга чейин Казакстанда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 150 адамдан турган тынчтык орнотуучу аскер контингенти, 8 бронетехника жана 11 техника бар экени маалымдалган.
Ал эми Кыргызстандын бейпилдик күчтөрүнүн курамында тажрыйбалуу офицерлер жана контракттык аскер кызматкерлери бар.