Кыргызстандын бизнес-ассоциацияларынын жетекчилери Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин Чыгыш жана Борбордук Азия боюнча бөлүм башчысы Яннис Неофиту менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин расмий сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, бул жолугушуу Эл аралык ишкерлер кеңеши жана GIZ уюму тарабынан уюштурулган.
Анда Борбор Азиядагы жеке сектордун кызматташтыгын чыңдоо келечеги талкууланган. Логистика жана транспорт тармагындагы өз ара байланыштарды өнүктүрүү, соода жана транзит мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле туризм тармагын илгерилетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүү жолдору каралган.
Жолугушуунун соңунда бизнес-ассоциациялардын жетекчилери бул жааттагы маселелер менен бөлүшүп, Германия тарап менен өнөктөштүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгилешкен.