Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатына катышат. Чемпионат 27-февралдан 15-мартка чейин Иорданиянын Амманда шаарында өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Башкы машыктыруучу Айбек Байсаяков жетектеген өспүрүмдөр курама командасы:

1. Темирхан Данияров, 48 кг;

2. Эмир Кылычбеков, 50 кг;

3. 3. Низамедин Ясынов, 52 кг;

4. Мухаммадазиз Закиров, 75 кг;

5. Эрмек Райымкулов, КЧМ, +80 кг;

6. Айбек Байсаяков, улук машыктыруучу.

Башкы машыктыруучу Төлөнбай уулу Улан баштаган жаштар курама командасы:

1. Алмаз Орозбеков, 60 кг;

2. Омар Ливаза, 63 кг;

3. Бектур Турдубаев, 71 кг;

4. Санжар Теңизбеков, 86 кг;

5. Арген Бактыбеков, 92 кг;

6. Закир Ляляза, 67 кг;

7. Төлөнбай уулу Улан, улук машыктыруучу.

Ошондой эле Азия чемпионатында Эл аралык бокс ассоциациясынын кошумча класстагы судьясы Мукаш Ырсалиев калыстык кылат.

Белгилей кетсек, бокс боюнча курама команда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен жолдомо алган.

Exit mobile version