Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамына арналган иш-чара онлайн өтөт

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында 31-августта Эгемендик майрамына карата иш-чара президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда болот. Бирок аянтка жарандар киргизилбей, мамлекеттик телеканалдарда онлайн көрсөтүлөт.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам ушундай чечим кабыл алынганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Салтанат күндүз саат ондо башталып, расмий бөлүгү бир саатка созулат. Иш-чара түнкү саат ондо салют менен жыйынтыкталат.

Кыргызстан мурунку СССРдин курамынан 1991-жылы бөлүнүп, 31-август Эгемендик майрамы деп жарыяланган.

Exit mobile version