Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын эки облусунда жер титирөө катталды

Кыргызстандын эки облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 балл жана Чүй облусунун аймагында 3 балл жер титирөө катталды.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Косо-Терек айылында 3,5 баллга, Кызыл-Үнкүр, Жаз-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 3 баллга, Арсланбап айылында 2,5 баллга чейин (Косо-Терек айылынан 10 чакырым түндүк чыгышта, Кызыл-Үнкүр айылынан 15 чакырым тундүк чыгышка, Жаз-Кечүү айылынан 15 чакырым түндүк батышка, Арсланбап айылынан 25 чакырым түндүк чыгышка) чейин сезилген.

Ал эми Чүй облусунун аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагынын Кашка-Суу айылында жана Сокулук районунун Төш-Булак айыл аймагынын Төш-Булак айылында 2,5 баллга чейин (Кашка-Суу айылынан 20 чакырым түштүк батышка, Төш-Булак айылынан 23 чакырым түштүк чыгышка, Бишкек шаарынан 36 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version