Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын эл аралык резервдери 2,6 млрд долларды түзөт

доллар, деньги

Кыргызстандын эл аралык алтын-валюта резервдери 5-августка карата 2,6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери долларды сатуу боюнча 5 интервенция жүргүзулгөн.

«Алмашуу курсун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында Улуттук банк 284,3 млн доллар сатты. Ошондой эле накталай эмес түрдө  190,7 млн доллар сатып алганбыз. Жети жолу интервенция жасалган. Бардыгы болуп таза сатуу 93,5 млн долларды түздү», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version